(Кыргызча) Ош облусунда 6 айда жаңы 42 ишкана ачылды

12 Август, 2016

Ош облусунда алты ай ичинде 42 ишкана ачылып, 239 жумушчу орду түзүлгөн. Мында 22 ишкана өнөр жай багытында, 16 ишкана курулуш материалдарын чыгаруучу багытында,   3 ишкана айыл чарба продукциясын өндүрүү багытында жана 1 электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭС ишке берилди. Бул ишканаларды ишке киргизүүдө 87,8 млн. сомдук капиталдык салымдар пайдаланылды. Ошондой эле өткөн жылы пайдаланылбай калган 10 миң гектардан ашуун айдоо жерди пайдалануу максатталып, анын 2126 гектары өздөштүрүлүп дыйканчылык жумуштары жүргүзүлгөн. Натыйжада, арпа – 3172 гектарга,  пахта – 2015 гектарга, күрүч-977 гектарга жана көп жылдык өсүмдүктөр 3075 гектарга көп эгилген. Бул жумуштар КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун жеке көзөмөлүнүн астында инвесторлорду тартуу, чакан ишкерликти колдоо, аймактарда кайра иштетүүнү жандантуу аракетинин натыйжасында ишке ашууда. Мындан ары да бардык тармактар боюнча инвестиция тартып, ишкерлик менен алектенем деген жарандарга Өкмөтүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппараты тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөт. Облус жетекчисинин эң башкы алдыга койгон максаттарынын бири облустун экономикалык, социалдык абалын жакшыртуу жана калк жашоосун жогорулатуу, ишкерлерге кенен мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүү.