(Кыргызча) КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аскер бөлүктө болду.

20 Июль, 2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аскер бөлүгүндө болгон иш сапары.

Бугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сарыбашов Таалайбек Насирбекович Туштук – Батыш регионалдык командачылыгына караштуу Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүгүндө болуп, аскер бөлүктүн өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алдында аскер бөлүктүн аймагында жайгашкан курулмаларды жана күжүрмөн сабак өтүлүүчү класстарын, күжүрмөн унааларын, жоокерлердин жашаган бөлмөлөрүн, аскер кызматчылардын күнүмдүк турмушун, офицерлердин жумуш ордулары менен таанышты. Андан тышкары жоокерлердин ашканасын көрүп өттү. Т.Н.Сарыбашовту полковник Тердикбаев Эрлис Джекшенович коштоп жүрдү. Аскер бөлүктүн өздүк курамы менен жолугушуу учурунда, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мекен коргоочуларына өзгөчө көнүл бурулуп жатканын билдирип, дагы да жардам көрсөтөрүн айтты. Сөзүнүн аягында өздүк курамга күжүрмөн даярдыкта албан албан жетишкендиктерди, ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана мекенди коргоодо ийгиликтерди каалап кетти.