Новости

// 25.08.2013 14:42

Учреждение сельское управление  Орто-Саз Чет-Нуринского айыл окмоту Нарынского района объявляет тендер путем запроса котировок на «Строительство дет сада в селе Орто-Саз Нарынского района». (Покупка отдельных услуг и материалов на «Строительство дет сада в селе Орто-Саз Нарынского района»)

Документы принимаются до10-00ч  6.09.2013-года по адресу Нарынский район село Орто-Саз. Сельский клуб Орто-Саз.

Контакные телефоны : 0771840804

Дата публикации  25.08.2013 года.

// 16.02.2013 12:55

Жыл ичинде, КР Конституциясын жана башка мыйзам-актыларын, элге, жергиликтүүмамлекеттик жана ѳз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрүү жана окутуу максатында облустун аймагындагы шаар-райондорунда 12 жолу семинардык сабактар, 1-тегерек стол ѳткѳрүлдү жана 2-лекция окулду.

Ошондой эле, Ченемдик Укуктук Актылар, Мамлекет Кепилдеген Юридикалык Жардам кѳрсѳтүү, юридикалык жактарды каттоо, нотариалдык иш аракеттер, коррупцияга каршы күрѳшүү жана тынч чогулуштарды ѳткѳрүү жѳнүндѳ мыйзам-актылардын жол-жоболорунтүшүндүрүү боюнча  облустук жана райондук «Теңир-Тоо», «Айыл турмушу»,  «Ат-Башы жаңылыктары», «Демилге», «Эмгек Туусу», «Айбат-плюс», «Миң түркүн» газеталарына жана Алмаз-Нарын радиосуна жалпысынан 32 жолу макалалар  жана маектер берилди.

Башкармалыктын жарандарга жана юридикалык жактарга акысыз укуктук кеңеш берүүбоюнча Борбору  тарабынан жарандарга жана юридикалык жактардын ѳкүлдѳрүнѳ жыл ичинде  баары болуп 636  акысыз кеңештер берилди.

Облустун ѳз алдынча башкаруу органдарына укуктук жактан жардам берүү максатында, жергиликтүү жамааттын Уставынын, айыл ѳкмѳтүнүн Жобосунун жана айылдык Кеңештин Регламентинин долбоорлору, жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде  башкармалык тарабынан иштелип чыгылып, райондун аймагында жайгашкан ар бир айыл ѳкмѳтүнѳ жана жергиликтүү кеңештерге таркатып берүү үчүн, облустун бардык 5 райондорунун акимдеринин дарегине кагаз түрүндѳ жиберилди жана акимдер тарабынан облустун бардык айылѳкмѳттѳрүнѳ таркатылды.

Жыл ичинде облус боюнча мамлекеттик нотариалдык кеңселер тарабынан 54.997 нотариалдык иш-аракеттер жүргүзүлүп, 3.096.319 сом мамлекеттик алым ѳндүрүлгѳн, мыйзам чегинде ѳндүрүлгѳн мамлекеттик алымдын 90%, башкача айтканда 2.786.687 сому жергиликтүү бюджеттерге түшүрүлгѳн.

Мамлекеттик реестрге кирген адвокаттар тарабынан, социалдык жактан муктаж болгон 71 жаранга Мамлекет Кепилдеген Юридикалык Жардам  (МКЮЖ) кѳрсѳтүлдү.

Жыл ичинде 273 юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон жана кайра каттоодонѳткѳрүлдү.

Мыйзамдардын талаптарын аткаруу жана укуктук жактан жардам берип туруу максатында башкармалыктын ортосунда, облустун бардык 63 айыл ѳкмѳттѳрү  жана 64 жергиликтүүкеңештер менен Мемарандумдар түзүлдү.

Жыл ичинде айыл ѳкмѳттѳрү тарабынан, айылдык кеңештердин кабыл алган Токтомдоруна юридикалык күчкѳ ээ кылуу максатында мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн 51 Ченемдик Укуктук Актылар келип түшүп, министрликке жѳнѳтүлдѳ.

Мыйзам-актылардын талаптарын бузган 6 — мамлекеттик жана муниципалдык  мекеме-уюмдардын жетекчилерине администрациялык укук бузуу боюнча иштер каралып 50000 сом айыппул  салынып, мамлекетттин эсебине тѳлѳндү.

Нарын облусунун Юстиция

башкармалыгынын башкаруучу,

юстициянын жана мамлекеттик

кызматтын 1 класстагы  кеңешчиси

М.М.Кармышаков

// 04.11.2011 4:29
Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) — жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет.
            Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
Юридикалык жактарды юстиция органдарында мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда уруксат берүү мүнөзүнө ээ эмес, ал уюштуруу документтеринин тууралыгын тастыктоо ирээтинде жүргүзүлөт жана лицензиялоого жатпаган багыттар боюнча ишкердик ишти жүргүзүүнү баштоо үчүн негиз болот.
Юридикалык жак түзбөгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республиксынын Өкмөтү аныктаган тартипте статистика органдарында, ал эми патенттик негизде жүргүзүлүүчү ишкердик — ишкердин жашаган жериндеги Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарында жүргүзүлөт.
Ишкердиктин субъекттеринин ишин лицензиялоо «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Ишкердик ишти жүргүзүү укугуна лицензияны кайра чакырып алуу жана анын аракетин токтото туруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары тарабынан «Юридикалык жактарды (филиалдарды) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо кабарландыруу мүнөзүндө болот.
Каттоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүүнү, мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иш-аракетин токтотуу фактысын күбөлөндүрүү;
- катталган (кайра катталган) жана иш-аракети токтотулган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) эсепке алуу;
- мамлекеттик реестрди алып баруу;
- катталган (кайра катталган) жана иш-аракети токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
«Бирдиктүү терезе» принциби өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) салык, статистика жана Социалдык фонд органдарында каттоого алуу жана эсепке коюу менен бир учурда ишке ашырууну;
- каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (ИСН (ИНН)) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (ИУЖК (ОКПО)) кодун ыйгаруу менен, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүүнү. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) фактысын күбөлөндүргөн документ болуп эсептелет. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк финансы-кредит мекемелеринде эсеп ачуу жана мөөр, штамп алуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Ишкердикти жүргүзүүчү юридикалык жакты каттоо 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик каттоо үчүн каттоочу органга төмөндөгү документтер тапшырылат:
- каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызы;
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө, юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан жеке жак жана жетекчиси болгон жеке жак паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышын;
- юридикалык дарегин;
- фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен, ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды;
- юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюштуруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;
- аткаруучу органдын жетекчисинин фамилиясын, атын, атасынын атын;
- мыйзамдарга ылайык башка маалыматтарды.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коет. Уюштуруу документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан түздөн түз берилген учурда уюштуруучунун (уюштуруучулардын) — жеке жактын (жеке жактардын) кол тамгасын нотариалдык формада милдеттүү ырастоо талап кылынбайт. Юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталууга же нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тиешелүү мамлекеттик каттоосуз ишмердүүлүгүн жүргөзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 402-беренесина ылайык кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Ишкерликти белгиленген тартипте каттоосуз жүргүзүү жогруда аталган кодексти 405-беренесине ылайык – администрациялык укук бузуунун куралы же тикеден тике объектиси болуп саналган буюмзатты конфискациялоо менен эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Нарын облустук юстиция башкармалыгын
жетектоочу адиси М. Доотугулова,
// 05.10.2011 4:48
«Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жонундогу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо жана аткаруу эщ маанилуу социалдык маселелерди, мамлекеттик тузулуштун учурдагы жана келечектеги маселелерин комплекстуу талдоого ар бир кайрылуудан конкреттуу адамдын кундолук таламдарын жана жашоо тиричилигинин койгойлорун корууго мумкунчулук берген мамлекеттик иштин негизги принциптеринин бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын    жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундогу    мыйзамы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аларга бекитилип берилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарына кайрылуу укуктарын ишке ашыруусуна байланышкан мамилелерди, ошондой эле жарандардын кайрылууларын мамлекеттик органдардын, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосунун тартибин укуктук жактан жонго салууга багытталган.
Аталган мыйзамдын негизинде:
1) жарандын кайрылуусу   — жазуу жузундо же оозеки турдо баяндалган сунуш, арыз, даттануу;
2) сунуш — мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды оркундотуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу, мамлекеттин жана коомдун ишинин экономикалык, саясий, социалдык маданий жана башка чойролорунун маселелерин чечуу боюнча жарандын сунуштарын камтыган кайрылуу;
3) арыз — жарандын озунун конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга комок корсотуу тууралу жарандын отунучун камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жонундогу билдируу;
4) даттануу — жарандын анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтируу жонундогу отунучун камтыган кайрылуу;
5) жекече кайрылуу — бир жарандын кайрылуусу;
6) жамааттык кайрылуу — эки же андан ашуун жарандын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдардын кайрылуусу, ошондой эле митингдердин жана жыйналыштардын резолюциялары;
7) кызмат адамы — бийлик окулунун иш-милдеттерин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча жузого ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдар же жергиликтуу озалдынча башкаруу органында уюштуруучу-тескоочу, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам;
деп эсептелинет
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иштеринин негизги принциптери томондогулор болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтуулук;
3) кайрылууларды кароонун милдеттуулугу;
4) кайрылуулардын оз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу;
5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын тещдиги;
6) кызматтык милдеттерин аткаруу учун жеке жоопкерчилик;
7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.
 Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына озу же озунун окулу аркылуу кайрылуу укугуна ээ. Ал эми аталган органдар, алардын кызмат адамдары жарандардын сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылуу укугунан ажыратууга же алардын мындай укугун чектоого акысы жок.
 Жашы жетелек же аракетке жондомсуз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыздарды жана даттанууларды алардын мыйзамдуу окулдору, ошондой эле козомолдук жана камкордук органдары берууго укуктуу.
 Эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында же эларалык келишимдерде башкача каралбаса, чет олколук жарандар жана жарандыгы жок адамдар жогоруда аталган мыйзамга ылайык кайрылуу укугунан пайдаланышат.
 Жарандардын белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекорсотуу, радио жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынан, туз телефон байланышы боюнча келип тушкон кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жонундогу    мыйзамында каралган тартипте жана мооноттордо каралат.
 Жарандар кайрылууга болгон укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышат. Жарандардын кайрылуу укугун жузого ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш. Жарандардын кайрылууларын кароо акысыз жузого ашырылат.
Жазуу жузундогу кайрылууга коюлуучу талаптар.
 Жаран озунун жазуу жузундогу кайрылуусунда жазуу жузундогу кайрылуусун жоноткон мамлекеттик органдын же жергиликтуу озалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштуу кызмат адамынын аты-жонун, же болбосо тийиштуу адамдын кызмат ордун, ошондой эле озунун фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жонотулууго тийиш болгон дарегин милдеттуу турдо корсотот, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-мащызын баяндайт, озунун колун коет жана кунун корсотот. Жарандын арызы, даттануусу негиздуу болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет.
Жарандарды оздорунун кабыл алуусу
 Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарынын кайрылуулардын маани-мащызы боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана жетекчилери жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес оздору кабыл алууну откорууго милдеттуу.
 Кабыл алуу белгиленген жана жарандарга кабар берилген кундордо жана сааттарда откорулот.
 ¤здору кабыл алуу учурунда жаран озунун инсандыгын куболондургон документин корсотот.
 Оозеки кайрылууда айтылган маселе озу кабыл алуу учурунда чечилбесе кайрылуу жаран тарабынан жазуу жузундо баяндалышы мумкун жана мыйзамда белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.
 Эгерде кайрылууда аларды чечуу ушул мамлекеттик органдын, жергиликтуу озалдынча башкаруу органынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, жаранга каякка жана кандай тартипте кайрылуу керектиги тууралу тушунук берилет.
 Эгерде жаранга кайрылууда коюлган маселелердин маани-мащызы боюнча жооп берилсе, озу кабыл алуунун журушундо анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тартылышы мумкун.
 Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ.
Жазуу жузундогу кайрылууну кароонун мооноттору
   Жазуу жузундогу кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтуу озалдынча башкаруу органына же кайрылууда коюлган маселелерди чечуу компетенциясына кирген кызмат адамына келип тушкон учурдан тартып уч кундун ичинде милдеттуу турдо катталууга тийиш.
Мамлекеттик органга, жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип тушкон жазуу жузундогу кайрылуу жазуу жузундогу кайрылуу катталган кундон тартып 30 кундун ичинде каралат.
Жарандын кайрылуусун чечуу учун атайын текшеруулорду (экспертизаларды)жургузуу, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды коруу зарыл болгон учурларда даттанууларды чечуу мооноттору демейдегиден башкача тартипте узартылышы мумкун, бирок ал 30 кундон ашпайт. Бул жонундогу чечим мамлекеттик органдын же жергиликтуу озалдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жузундо билдирилет.
Жазуу жузундогу кайрылууда коюлган маселелерди чечуу бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелуу болгон учурда кайрылуунун кочурмосу катталган кундон тартып беш кундун ичинде тийиштуу мамлекеттик органдарга, жергиликтуу озалдынча башкаруу органдарына же тийиштуу кызмат адамдарына жонотулот.
 Жарандардын жазуу жузундо келип тушкон кайрылууларын
кароо тартиби
Жарандардын кайрылуулары почта менен же болбосо озу бериши мумкун.
Жарандар мамлекеттик, расмий же Кыргыз Республикасынын элдеринин башка кайсы тилинде болсун кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жузундогу кайрылууларына жооптор кайрылуунун тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берууго мумкун болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.
Жарандардын кайрылуулары мамлекеттик органдын же жергиликтуу озалдынча башкаруу органынын жетекчисинин озу тарабынан каралат. Аларды андан ары кароонун тартиби жетекчи тарабынан белгиленет.
Жазуу жузундогу кайрылуулар, эгерде алар каралса, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар корулсо жана жарандарга мыйзамда корсотулгон мооноттордо жооп берилсе, чечилди деп эсептелинет.
Эгерде текстте башкача эскертилбесе, жамааттык кайрылууга карата жооп кайрылууда биринчи корсотулгон жарандын дарегине жонотулот.
Эгерде кайрылуунун текстин окууга мумкун болбосо, анда аталган кайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун мащызын жана жуйолорун тактоо жана билуу учун (эгерде арыз беруучунун фамилиясын жана почта дарегин окууга мумкун болсо) арыз беруучуну чакырат. Ошону менен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз беруучу менен байланыша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралу арыз беруучуго жазуу жузундо билдирилет.
Соттун чечимине даттанган кайрылуу соттун бул чечимине даттануунун тартибин тушундуруу менен кайрылууну жоноткон жаранга кайра кайтарылат.
Жарандын аты-жону жана жооп жонотулууго тийиш болгон почта дареги корсотулбогон жазуу жузундогу кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.
 Жарандын кайрылуусуна байланыштуу анын коопсуздугунун
кепилдиктери
¤зунун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтируу же коргоо максатында мамлекеттик органга, жергиликтуу озалдынча башкаруу органына же кызмат адамына аталган органдардын же кызмат адамынын ишин сындап кайрылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоого тыюу салынат.
Мамлекеттик органга, жергиликтуу озалдынча башкаруу органына же кызмат адамына кайрылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоо кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
Кайрылууну караганда кайрылууда камтылган маалыматтарды, ошондой эле жарандын жеке турмушуна тиешелуу маалыматтарды анын макулдугусуз жарыя кылууга жол берилбейт.
Нарын облустук
Юстиция башкармалыгынын    
жетекчиси, Юстициянын 3-класстагы кенешчиси                                       С.Илиясов