Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү облустун аймагында тынч өтүүдө

11 Декабрь, 2016

Облуста жалпы 165 шайлоо участкасы иштеп жатат. Алардын 146 шайлоо участогунда 53 айылдык кеңешинин жана 1 Нарын шаардык кеңешинин депуттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоочулар добуштарын берүүдө.

Бардык шайлоо участкаларында электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Ал эми Нарын облустук ички иштер бөлүмү тарабынан берилген маалыматтарга ылайык тартип бузуулар катталган жок. Ар бир 2 саат сайын коомдук абал боюнча ИИМге маалымат берилип жатат. Бүгүнкү күндө 295 милиция кызматкери жана 495 элдик кошуундун өкүлдөрү коомдук тартипти сактоого тартылган.

Бул убакытка чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилип, көзөмөлдө болду.