1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында флешмоб өттү

1 Декабрь, 2016

Бүгүн 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн акциянын алкагында Нарын шаарынын борбордук аянтында флешмоб уюштурулду.

Акцияга Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Динара Жунусова, облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Айнагүл Бектурсунова, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, медицина тармагынын кызматкерлери жана студенттер катышты.

Флешмоб  1-декабрь- Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Мындан тышкары өткөрүлүүчү бир айлыктын негизинде облустун бардык аймактарындагы мекеме, ишканаларда, жогорку жана атайын орто окуу жайларда, кесиптик лицейлерде, мектептерде, аскер бөлүктөрүндө СПИД оорусу жөнүндө семинар,тегерек стол, лекция, аңгемелешүүлөр өткөрүлүп, брошюралар, буклеттер таратылган.

Нарын облусунда ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны акыркы он айдын жыйынтыгы менен 124 адам болду. Мунун ичинен 32 адам Бишкек шаарында жашап, каттоосу боюнча облустун көрсөткүчүнө киргизилгендер. Эки жыл мурун облуста ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчү катары катталгандардын эң жашы 24тө болсо, үстүбүздөгү жылда бул ооруну жуктуруп алган 17 жаштагы жарандар катталды.