Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева майып адамдар менен жолукту

3 Декабрь, 2016

Бүгүн, 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата, Өкмөттүн Нарын облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар улуттун өкүлдөрү менен жолугуп, шал оорусу менен ооруган балдардын үйлөрүнө барып акча каражаттарын тапшырды.

Алгач өкүлдүн орун басары орус, казак,  дунган, уйгур жана өзбек улуттунун өкүлдөрү менен жолугуп, маек курду. Анда ар улуттун өкүлдөрү мамлекет тарабынан майып адамдарга кайрымдуулук жана жардамдар үзгүлтүксүз берилип жатканын белгилеп, ыраазычылыгын билдиришти.

Андан соң Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы үйүнөн чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, ДЦП менен ооруган жаш балдарга жана жалгыз бой жашаган майып кары адамдарга барып жолукту. Балдарына мээримин төгүп, турмуштун берген сыноосун көтөрүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бийлик бар күчүн жумшап жардам берээрин айтты. Анда 4 баланы медициналык кароодон өткөрүп, коляска алып берүүгө буйрутма берилээрин убадалап, ар бирине акчалай каражаттарды тапшырды.