Нарын облусундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрүлдү

3 Декабрь, 2016

Бүгүн, 3-декабрда, Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө майып адамдардын кол эмгектеринин көргөзмөсү, ошондой эле алардын катышуусунда даярдалган концерттик программа тартууланды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ден соолук, сабырдуулук жана кайратмандык каалап, ал эми жыйындын катышуучуларын иш-чарага келип, майып адамдарга көңүл бөлүп жаткандарына ыраазычылык билдирди. «Бүгүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнү. «Адам көңүлү гүл» дейт элибизде. Коомубуздун бир бүтүндүгүн түзгөн өзгөчө адамдардарга көңүл буруп, жакшы маанай тартуулоо менен бирге, бул багытта ишмердүүлүгүн улантып жаткан жарандарга ыраазычылык билдирип коюу үчүн чогулуп отурабыз.

Биздин өлкөдө, анын ичинде облуста дагы чыгаан уул-кыздарыбыздан уучубуз кур эмес. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бардык тармактарда, спорт, маданият, билим берүү, бизнес, айыл-чарба жана башка, эмгектенип, ийгиликтерди жаратып жаткандар дагы арбын. Бул алардын ички ишениминин күчтүүлүгүнүн жана эрктүүлүгүнөн кабар берет»-деди өз сөзүндө.

Иш чаранын кийинки бөлүгүндө 18 жашка чейинки балдардын кыялын орундатуу максатында «Каалоо багы» уюштурулду. «Бакка» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кыялында самап жүргөн ойлору жазылган. 60тан ашык келип түшкөн каттарды иш чарага катышкан мекеме жетекчилери жана активдүү жаштар алып, балдардын кыялдарын орундатууну милдетине алышты.

+км=ттън токтомдоруна ылайык ден соолугунун мъмкънчълъгъ чектелъъ адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу максатында жашоо-турмушуна жеткиликтъъ шарт тъзъп беръъ, иш менен камсыз кылуу, чакан бизнести =нъктъръъг= к=м=к к=рс=тъъ, балдарга билим беръъ жана башка багыттар боюнча Нарын облусунда бир катар иштер аткарылып келет.

Нарын облусундагы такталган статистикалык маалыматтарга ылайык 2016-жылдын 9 айында 11 миң 312 майып адам катталган. Бул облус калкынын 4,1% түзөт.

2016-жылдын 1-октябрына карата облуста социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу майыптык боюнча 5147 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) жөлөк пул алса, социалдык фонд башкармалыктары тарабынан бүгүнкү күндө 6165 адам майыптык боюнча пенсия алат.

Мындан тышкары, облуста ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү 5 реабилитациялык борбор, ошондой эле 13 коомдук уюм иш алып барып келүүдө.