12

Январь

2018

Өкмөт коопсуздук боюнча «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду

Бүгүн, 2018-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өлкөдөгү коопсуздукту жогорулатууга, анын ичинде жол кырсыктарынын, ошондой эле алар боюнча талаштардын санын азайтууга, кылмыштарды ачыктоого, террористтик жана криминалдык коркунучтарга жооп кайтарууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол коюлду.

Долбоор алкагында долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жана Бишкек-Ош жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдорундагы, Бишкек - «Манас» Эл аралык аэропорту» трассасында «Акылдуу шаар» долбоорун эксплуатациялык-техникалык тейлөө, жабдууларды ташып келүү, куруу, интеграциялоо боюнча иштер Келишимдин ажырагыс бөлүгү эсептелген техникалык милдеттерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана көлөмдө аткарылат. Салынган инвестициялардын көлөмү болжолдуу түрдө 60 млн. АКШ долларын түзөт.

Жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен иш алып баруучу адистерди даярдоо да инвесторлордун атынан чыккан «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» компаниясынын жана «Ака минералз энд майнинг» ЖЧК милдеттерине кирет.

Долбоор элементтери эксплуатацияга киргизилген соң, инвестор келишим мөөнөтү бүткүчө долбоор элементтеринин техникалык жактан иштешин жана кароосун камсыздоого, ошондой эле программалык камсыздоону жана анын лицензиясын жаңыртууга жана жалпы программалык камсыздоого жабдууларды жана коддорду Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүүгө милдеттенет.

Долбоордун операторун ишке киргизүүнү жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Мындан тышкары, өз ыйгарым укугунун чегинде ал «Huawei TechnologiesCo., Ltd» компаниясына жана инвесторго колдоо көрсөтөт.

«Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы бардык жабдуулардын жана тейлөөлөрдүн жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык киберкоопсуздук талаптарына дал келүүсүн камсыздоосу тийиш.

Аталган долбоордун ишке ашырылышы шаар көчөлөрүндөгү коопсуздукту жогорулатууга, негизги магистралдарды, кесилиштерди, коомдук жайларды камтууга мүмкүндүк берип, жол кырсыктарындагы талаш абалдарды негиздүү чечүүгө, ошондой эле криминалдык жана террористтик коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет.

Инвестициялык келишим алкагында инвестор долбоорду ишке ашыруунун толук наркын төлөп берүүгө милдеттенме алат. Инвестор иштерди аткаруу жана төлөө максатында жеке, же займдык каражаттардын эсебинен долбоордун жалпы наркынын 100 пайызын каржылайт.

Кол коюлган документке ылайык, тең укуктуу инвесторлор жана «Huawei Technologies Co., Ltd» Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын  учурдагы мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.

«Акылдуу шаар» долбоору биздин өлкө үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жокко чыгарып, жалпы жолунан биздин жарандардын коопсуздугун жогорулатат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашыруу татаал болуп жатат. Бирок биз бул кыйынчылыктарды  жеңип жана инвесторлор менен биргеликте биздин жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол коопсуздугу жаатындагы коррупцияны жокко чыгаруу жана кылмыштардын бетин ачуу, мамлекеттик органдардын ишиндеги тазалыкты жана ачыктыкты жогорулатуу боюнча максатыбызга жетебиз деп ишенем», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Ошондой эле Өкмөт башчы долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурду.

«ЖМКдагы жарыяларда биз «Акылдуу шаар» долбоорун создуктуруп жатабыз деген маалымат арбын кездешет. Мен дайыма 30-ноябрдан баштап долбоор боюнча иштер башталат деп айтып келгем. Биз андан эрте, мен премьер-министр катары алгачкы күндөн тарта иш баштадык. 30-ноябрда Өкмөттүн чаралар комплекси боюнча токтомунда  долбоордун жыйынтыкталышы эмес, ишке ашыруу мөөнөтү жазылган. Долбоор бир жарым жыл бою ишке ашырылат», - деп белгиледи Сапар Исаков.

«Таза Коом» санариптик трансформациялоо жана 2040-жылга чейин Улуттук Өнүгүү стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түз чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык тажрыйбаны  изилдөө менен масштабдуу «Акылдуу шаар» долбоорун  ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгилеп кетүү керек. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж. Исаковдун Жол-транспорт кыймылынын интеллектуалдык маалыматтык системасын өнүктүрүү жана ишке ашыруу максатындагы 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 837  Буйругуна ылайык, потенциалдуу инвесторлор менен инвестициялык кызматташтык боюнча шарттарды талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Азыркы тапта жумушчу топ  долбоорду укуктук, техникалык жана каржылык жаатта илгерилетүүгө тийиштүү консультацияларын жыйынтыктап, ошондой эле «HuaweiTechnologies Co., Ltd» жана «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management»  компаниялары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынан алкагында инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу кеңеши берилген.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын августунда Премьер-министр Сапар Исаков жумушчу кеңешмеде «Акылдуу шаар» долбоорун Бишкек жана Ош шаарларына бирдиктүү стандартта кийрүү керектигин жана  аталган долбоорду толук бойдон ишке ашыруу тапшырмасын берген. Өкмөт башчы белгиленген процедураларды өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына өзгөчө көңүл буруп кетти.  Аны менен катар ал аталган долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга кызыкдар чет элдик инвесторлор менен тыгыз иштөөнү кийрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

[su_carousel source="media: 110389,110390,110391,110392,110393,110394,110395,110396" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]