Новости
Баткен облусунда кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери ийгиликтүү башталды.
26
Аяк оона

Кадамжай районундагы айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча семинардын алкагында Масалиев айыл аймагында  “Кара-Дөбө” үрөнчүлүк чарбанын базасында күздүк дан себүү иш чарасы өттү. Ага айыл-чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абиш Халмурзаев, район, шаар жетекчилери катышты. 2017-жылга облус аймагы боюнча сентябрь-октябрь айларында 6000 гектарга жакын жерге күздүк буудай эгилет.

Баткенде Алма фестивалы эл аралык масштабда өттү
24
Аяк оона

Баткен облусунун Кадамжай районун Кызыл-Булак айылында 11-Алма фестивалы өткөрүлдү. Ага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, КР айыл-чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министири  Турдуназир Бекбоев, райондук администрация башчылары, шаар мэрлери Компаньон банкынын өкүлдөрү  катышты. Ошондой эле фестивалга  Өзбек Республикасынын Фергана облусунун губернатору жетектеген  делегация келди. Фестивалдын жүрүшүндө жергиликтүү мөмө-жемиштер,  тамак-аштын жана кол-өнөрчүлүк Уландысы

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Тажик Ресупбликасынын Өкмөтүнө карашатуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
20
Аяк оона

Кечээ 21 сентябрда ӨК жана ГР Комитетинин өкүлдөрүн жетектеген комитеттин төрагасынын орун басары Джамшед Махмадзолой жумушчу иш сапары менен Баткен облусуна келген. Иш сапардын негизги максаты Кыргызстандын мамлекеттик жарандык коргонуу системасы жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап  өзгөчө кырдаалдар тармагында кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты. Облус жетекчиси  мындай иш чаранын өтүшү Уландысы

Баткенде айылдык ден-соолук комитетинин 10 жылдык маарекеси белгиленди
19
Аяк оона

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен облусундагы айылдык ден-соолук комитетинин 10 жылдык маарекеси менен куттуктады. 10 жылдыкка арналган иш чарага облус жетекчиси Абиш Халмурзаев, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айылдык жана райондук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Ден  соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери” долбоорунун жана Өнүктүрүү институнун өкүлдөрү катышты. Уландысы

Баткенде мамлекеттик архивдин 90 жылдыгы белгиленди
16
Аяк оона

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев  Баткен облусттук мамлекеттик архивин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматынын 90 жылдык маарекеси менен куттуктады. 90 жылдык маарекеге арналган салтанаттуу жыйынга Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу архив агенттигинин директору Орунбай Ахмедов, ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев, Баткен облусттук, райондук, шаардык мамлекеттик архив жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Уландысы

© 2014, ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ. ВСЕ ПРАВА ЗАЩИЩЕНЫ